Ошто жол кырсыгынан 2 адам каза болду

   Мезгил

Ош облусундагы Алай районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Дагы 4 адам ооруканада. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, окуя кечээ, 3-майда саат 11:30 чамасында Таш-Короо айыл аймагында орун алган. Анда ДЭУ Матиз менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

ДЭУ Матиз унаасын айдоочусу аял киши болгон. Кырсыктын кесепетинен аял башкарган унаанын ичиндеги 1937-жылы туулган Р.А. жана 1952-жылы туулган Т.А. аттуу эки жаран каза тапкан. Ал эми Матиздин айдоочусу жана Хонда Одиссей унаасындагы 3 адам денесинен ар түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү тизмесине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дагы дайындалды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *