Ошто жол кырсыгынан өрт чыгып 7 адам күйүп кетти

Мезгил

Ош облусунда унаа жол кырсыгына кабылып,  унаадан  өрт чыгып жети адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аки айылынын Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 7 эркек адам каза болгон.  

Учурда каза болгондордун аты-жөндөрү такталууда.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *