Осмонбек Артыкбаев мандатынан ажыратылды. Анын ордуна ким келээри айтылды

   Мезгил

Бишкек ЖЭБиндеги чырга байланыштуу камалган Осмонбек Артыкбаевге чыгарылган сот чечими күчүнө киргенине байланыштуу ал депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.  

 Маалым болгондой, КСДПнын тизмеси менен парламентке депутат болуп келген Осмонбек Артыкбаевдин мандаты партиянын тизмесиндеги кийинки талапкерге өткөрүлүп берүүгө тийиш. Партиянын тизмеси боюнча депутаттык мандатка Чынара Урумкалиева ээ болуусу керек.

Конституциянын “Президенттик жана парламенттик шайлоолор” тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *