Жолдошева: Отунбаевага Ош окуясында «Чёрная роза» деген ат менен каласыз дедим

Мезгил

Ош окуясында Роза Отунбаеванын таасири канчалык деңгээлде болгон?  Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдыз Жолдошева маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып “Роза Исаковна бийликти алдыртып коёбуз деп аскер кызматындагыларды жибербей койду” деп билдирди. 

Жолдошеванын айтымында Убактылуу Өкмөт алдын ала чара көргөндө тарыхтын кандуу барактарынын бири болуп жазылып калган Июнь окуясы болмок эмес.

“19-майда жана 2-июнда кирип айттым, Ош окуясы кайталанат экен деп. Эгерде буга чара көрбөсөңүз, сиз тарыхта «Чёрная роза» деген ат менен каласыз дедим. Алар  убагында көңүл буруп, түштүккө Коргоо министрлиги менен Улуттук гвардиянын күчтөрүн алып барып, комендаттык саат киргизип койгондо мындай окуя болбойт эле. Роза Исаковна бийликти алдыртып коёбуз деп аскер кызматындагыларды жибербей койду. Ошондуктан Убактылуу Өкмөттүн моралдык күнөөсү бар.

 

Биз УӨнүн мүчөсү катары Роза Отунбаевадан сураганыбызда «алар автономия сураган эмес» деген. Ош ОИИБнин начальнигинин орун басары, полковник Шакир Зулумов деген өзбек улутундагы жигиттен сураганымда автономия суралгандыгын тастыктап берген.” – деди бешинчи чакырылыштын депутаты Жылдыз Жолдошева.

Ошондой эле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Кадыржан Батыров менен жолуккандыгын жокко чыгарып келишет – деп кошумчалады депутат айым.

– Сепаратисттик күчтөр автономия сураган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнөн ким ага убада берген, Жалал-Абаддагы Кыргыз-өзбек университетинде ким Кадыржан Батыровго курал-жарак тапшырган? Бул жөнүндө маалымат прокуратурада бар – дейт Жолдошева.

 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *