Оюн талаасына чуркап чыкпагыла! Футбол федерациясы эскертүү берди

 

Мезгил

Футбол федерациясы  14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргызстандын Япония жана Тажикстан менен боло турган футболдук беттештерине байланыштуу эскертүүлөрдү берди. 

Аталаган федерация Кыргызстан-Мьянма беттешиндегидей күйөрманар оюн талаасына чуркап чыкбоону суранат.

Стадиондун аймагына колунда билети барлар гана кирип, эрежени бузбай күйөрмандык кылуу керек.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан-Мьянма беттеши учурунда күйөрман футбол талаасына чуркап чыккан. Мындан улам алдыдагы оюндар күйөрмандардын катышуусусуз өтуп калуу ыктымалдыгы бар экендиги айтылган.  Бул жорук кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратып ФИФАнын жыйынында талкууланды.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *