Пакистан Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды «кара тизмеден» чыгарды

   Мезгил

Пакистан медицина кызматкерлерин даярдап чыгарган Кыргызстандагы төрт жогорку окуу жайды «кара тизмеден» чыгарды. Бул тууралуу Пакистандын медициналык комиссиясынын сайтында  жарыяланды.

 Маалыматка ылайык, Ахунбаев атындагы мамлекеттик медакадемия, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Россия славян университети жана Медицина боюнча эл аралык жогорку мектеп кара тизмеден чыгарылды. 

Аталган окуу жайлардын берген сертификаттары Пакистандын лицензиялоо боюнча комиссиясы тарабынан таанылары кабарланган.

Эске салсак, бир нече апта мурун Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болгон. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *