Пакистанда коронавирус аныкталган кыргызстандык жаран көз жумду

  Мезгил

 Пакистанда коронавирус аныкталган кыргызстандык жаран көз жумду.  Бул маалыматты тышкы иштер министри тастыктады. 

“The News” басылмасынын маалыматы боюнча, 73 жаштагы Абдул Вахабдын түбү Кыргызстандан жана «Таблиги Жамаат» уюмунун өкүлү болгон.  

Коронавирус аныкталгандан кийин 1-апрель күнү Райвинда Марказдагы ооруканадан Майодогу ооруканага которулган. Ал кант диабети менен да жабыркаган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалымат боюнча, бейтап кечээ, 9-апрелде каза болду.

Чет өлкөлөрдө Кыргызстандын коронавирус аныкталган 23 жараны бар.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *