Пакистанда жааган кардан улам, 41 адам каза болду

Мезгил

Пакистанда жааган кардан улам, 41 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жааган кардан жана жаандан улам, Пакистандын Кашмир аймагында адам өмүрү кыйылды. Буга чейин 14 адам каза тапканы айтылган.

 Ал эми жергиликтүү телеканалдын айтымында  бир түндүн ичинде каза болгондордун саны өскөндүгү айтылат. Белуджистандан 22, Пенджабеден 3, Синде аймагынан 1 адам каза болгону айтылса, ал эми Азад Кашмир районунан  15 киши жабыр тарткан.

 Белгилей кетсек, мындан улам Белуджистан аймагында катуу жааган кардан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Булак: Мезгил ньюс  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *