Пакистандан Бишкекке 100 кыргызстандык жаран келди

   Мезгил

Бүгүн, 17-июнь күнү Пакистандан Бишкекке 100 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызстандык жарандар “Исламабад-Бишкек-Исламабад” каттамы боюнча “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келишкен.

Бул каттам Пакистан тарап менен биргеликте Кыргызстандын Пакистандагы жана Пакистандын Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтаруу үчүн уюшутурулду. 

Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *