Пакистандан Кыргызстандын 94 жараны келди

   Мезгил

Кечээ, 19-июнда Бишкек шаарына Пакистандан Кыргызстандын 94 жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, алар «Pakistan International Airlines» авиакомпаниясынын Исламабад—Бишкек—Исламабад каттамы менен келишти.

  Каттам Пакистан тараптан уюштурулган. Ушул эле учак менен авиакомпания Пакистандын жарандарын мекенине алып кетет.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык чаралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *