Пакистандык студенттердин мушташына катышкан эки студент №1 тергөө абагына эки айга камалды

  Мезгил

Бишкектеги медициналык жогорку окуу жайында пакистандык студенттер катышкан мушташка байланыштуу аталган өлкөнүн эки жараны №1 тергөө абагына эки айга камалды. Бул тууралуу шаардык милициядан  билдиришти.

Маалым болгондой, чет өлкөлүк студенттерге карата “Бейбаштык” беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды.  

Эки кармалган студент 19 жашта. Буга чейин милициясы тараткан маалымат боюнча, 14-октябрда Пакистандан келген эки студент мушташа кеткен. Бул окуядан кийин Пакистандын 30 жараны милицияга жеткирилип, суракка алынган соң кайра коё берилген.

Мушташтан кийин эл аралык медициналык окуу жайынын өкүлү Октябрь райондук милициясына жогорудагы окуядан университеттин мүлкү талкаланганын айтып, мушташка катышкандарга чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *