Пакистандык студенттерди сабаган шектүүлөр 1 айга камакка алынды

    Мезгил

Пакистандык студенттерди сабаган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан  билдиришти.

 Маалым болгондой, Ысык-Ата районунун 31 жаштагы жашоочусу Э.О. менен Бишкек шаарынын жашоочулары — 30 жаштагы Д.А. менен К.Б. 1 айга камакка алынды.

19-июлда саат 23:00 чамасында Аламүдүн РИИБге Пакистан Республикасынын 1998-жылы туулган жараны Ш.С. арыз менен кайрылып, Кой-Таш айылындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш адамдар аны себепсиз сабаганын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен 2000-жылы туулган А.Х., 1997-жылы туулган Ф.С., 1995-жылы туулган А.И. кайрылган.

Шектүүлөр колго түшүп, бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси 2-бөлүмү (бейбаштык) боюнча катталган.

Жабыркагандардын арасында Аббас Али Шах да бар. Ал Бишкек шаарындагы №95 мектепте ачылган күндүзгү стационарда иштеп, коронавирус жана пневмониянын симптомдору менен кайрылган бейтаптарга жардам көрсөтүп жаткан.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *