Памирлик кыргыздар: Биз өз алдыбызча чарба күтөлү дегенбиз

    Мезгил

  Нарын облусуна отурукташкан Памирлик кыргыздар аларга жер жана үй бөлүп берүүнү суранышат. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтылды.   

 «3 жыл аралыгында бизге көп жардам беришти, азыр деле жардамын беришүүдө. Биз ыраазыбыз. Бирок, биз өз алдыбызча чарба күтөлү дегенбиз. Бул үчүн бизге жер жана үй керек. Биз баарыбыз чогуу жашап, кезектешип мал карай элек. Биз кетпейбиз, мында калабыз», -дешти алар.

Памирлик кыргыздар Ооганстанда калган туугандары менен байланыш оор экенин айтышууда. «Жакындар менен байланышуу-оор. Былтыр 18 киши кеткен, кайра кайтышкан жок. Анткени виза алуу мүмкүн эмес, мындан башка да көйгөйлөр бар», -дешет тургундар.

 Белгилей кетсек, бул кайрылуу алгачкы жолу болуп жаткан жок.

  Эске салсак, 2017-жылдын аягында Ооганстандан Кыргызстанга Чоң жана Кичи Памирдин 33 тургун көчүрүлүп келинген. Алардын 18и былтыр кайрадан мекенине кайтышып бирок кайра келишкен эмес.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *