Паникага жол бердиңер! Президент өкмөттүн ишин сындады

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

 Президент  бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзү татаал кырдаалды баштан өткөрүп жаткандыгын жана ар бир өлкө бул илдет менен өзүнүн каржы жана саламаттыкты сактоо системасынын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша күрөшүп жаткандыгын белгиледи.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Өкмөттү жана Саламаттыкты сактоо министрлигин кийинки абалды анализдөө жана прогноздоонун жоктугунан улам сынга алды. Ошондой эле  калктын керектөөсүн так аныктоо үчүн бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын бегиледи.

Акыркы күндөрү жарандарга алгачкы медициналык жардамдын, профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында паникага жол берилгендиги үчүн Өкмөттү сындады.

«Силер кадрлардын резервин толуктоо боюнча алдын ала иш алып барган жоксуңар жана кризис башталган кийин гана адистерди мобилизациялай баштадыңар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

«Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүүсүз», — деп белгиледи Президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *