Парламентте Кой-Таштагы окуяны ар тараптуу иликтөө боюнча комиссия түзүү тапшырмасы коюлду

Мезгил

Парламент бүгүнкү кезексиз жыйынга чогулуп, Кой-Таштагы окуя тууралуу маселени карашты.

Анда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинде өкмөттүн ишин, өзгөчө күч органдарынын даярдыгы жана маалымат менен камсыз кылуу чабал болгонун белгилешти.

Ошондой эле өкмөткө Кой-Таштагы окуяны ар тараптуу иликтөө боюнча комиссия түзүү тапшырмасы коюлду. Анын курамына саясий, коомдук ишмерлерди, Жогорку Кеңештин депутаттарын жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн киргизүү керек.

Мындан сырткары өлкөдөгү туруктуулукту, айрым жарандар тарабынан жасалган мыйзамсыздыкты жоюу, жабыркагандарга бардык жардамдарды көрсөтүү милдети жүктөлдү. Ал эми каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө жардам берилерин баса белгилешти.

Буга кошумча Башкы прокуратурага мыйзам бузуулар боюнча ар тараптуу жана кылдат иликтеп, Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын кыймыл-аракетине укуктук баа берүү тапшырмасы коюлду.

Бул токтом долбоорлору депутаттардын колдоосун таап, бул милдеттерди аткарууну көзөмөлдөө Финансы полициясына жүктөлдү.

Эске салсак, кезексиз жыйынга жалпы 70 депутат катышты. Жыйын башында өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да келип кайрылуу жасады.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *