Парламенттеги күлкүмания: “Акчаны алдап жеп койгонбуз, ошол үчүн бизге эч ким ишенбейт”

   Мезгил

Депутат Сайдылда Нышанов өкмөттүн таза суу боюнча окүлү Аскарбек Токтошевге:

 – Кыргызстанды көп кыдырып иштеп жатасыз, анча-мынча депутаттарды чалгытып койгонуңуз эле болбосо чоң эмгек кылдыңыз. Акча жок болсо элге жок деп эле айтуу керек. Болот-болот деп, бирок беш жылга чейин эч нерсе болбогондуктан элде суроо пайда болуп жатат. Сиз финансы жок болсо “болбойт”, “жок” деп ачык айтышыңыз керек.

Аскарбек Токтошев:

– Элди таза суу менен камсыздоо тармагына акча тартуу иштеринде 2016-жылга чейин, 8 жылдай вакуум болуп калган.

Сайдылда Нышанов:

– Анын себебин сиз жакшы билесиз, биз алдап койгонбуз.
Аскарбек Токтошев:

– Биз алдап, берген акчаны жеп койгонбуз. Ошон үчүн насыя, грант берчүлөр бизге ишенбей калган. Ал эми азыр болсо бизге ишенич бар, ошондуктан берилип жатат.

Вице-спикер Мирлан Бакиров:

– Канча жегениңизди айтып койсоңуз? – деп Аскарбек Токтошевге кайрылды.

Аскарбек Токтошев суроого жооп бербей, күлүп кутулду.

Булак:Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *