Парламенттик шайлоонун чыгымдары азайтылгандан кийин шайлоого 447 млн сом сарпталат

   Мезгил

Борбордук шайлоо комиссиясы 2020-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун чыгымдарын азайтты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 Маалым болгондой, 2020-жылдын бюджетинде жалпы шайлоону өткөрүүгө 732 миллион сом өлчөмүндө пландалган чыгымдар каралган. Бирок эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен парламенттик шайлоону уюштуруу жана шгайлоо өткөрүүгө кетчү чыгымдар 446 млн 900 миң сом деп бекитилди.

БШК эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу керектүү чараларды эске алуу менен чыгымдардын толук сметасын түздү. Сметада 2462 шайлоо участокторунун, анын ичинде чет өлкөдөгү 42 шайлоо участкаларынын ачылышы эске алынат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *