Патрулдук милиция кызматын түзүүгө 381 миллион сом керектелет

 

Мезгил

Патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 381 миллион сом керектелет. Бул тууралуу маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Маалым болгондой, аталган каражатка жабдыктар, атайын каражаттар жана унаалар сатылып алынат. Азыр ачык сынак жарыяланды.

 Сатыбалдиев  бул жылы 197 миллион 200 миң сом коротуу пландалганын кошумчалады.

Эске салсак, Кайгуул милициясы 2016-жылы түзүлүп, бирок натыйжасыз деп 2017-жылы жоюлган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *