Петр Порошенкого карата кылмыш иши козголду

       Мезгил

    Украинанын экс-президенти Петр Порошенко өлкө чыккынчылыгына айыпталып ага  карата  кылмыш иши козголду.

  Бул тууралуу  мамлекеттик бюронун  изилдөөчүсү,  директордун биринчи орун басары  Ольга Варченко билдирди.

  Кеп 2018-жылдын 25-ноябрында Кара деңизден Азов деңизине Керчен кысыгы аркылуу өткөн Украинанын аскердик кемелери жөнүндө болууда. Арызды экс-президент Виктор Януковичтин администрация башчысынын орун басары Андрей Портнов калтырган.       Владимир Зеленский  жогорку кызмат ордуна  шайлангандан кийин  экс-чиновник Киевке кайра  кайтып келген.

Порошенко  мамлекеттик акт  чыккынчылык жасаган,   ал аскердик абалды оорлотуп, аскер  адамдарын Керчен кысыгына жөнөтүп,  алардын өмүрүнө коркунуч жараткан. Ал жерде кеменин капитаны бир нече саат россиянын чек ара күзөтчүлөрүн провокациялап,  Рфнын мыйзамына баш ийген эмес.

Жыйынтыгында атайын операция боюнча мыйзам бузгандар кармалды. Азыркы учурда  24 матрос кармоочу жайда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *