Помидорду ачкарын жегенге болбойт. Пайдалуу кеңештер

    Мезгил

– Өтө кеч тамактануу ашказан рагынын пайда болуу коркунучуна алып келет.

– Жумасына 4 жумурткадан ашык жегенге болбойт.

– Майлуу тоок этин дайыма жесе болбойт, себеби ашказандын шишик оорусун пайда кылышы ыктымал.

– Жемиштерди тамактан кийин эмес, тамакка чейин жеңиз.

– Аялдардын айыз маалында күчтүү кара чай же кофе ичүүгө болбойт.

– Эгерде эки айнек стакан кептелип калса, үстүңкүсүнүн ичине муз салып, экинчисин сыртынан ысык сууга салып коюңуз. Ысыктын таасиринен стакан кеңейип, ичкиси муздактан кичирейип чыгарууга оңой болуп калат.

– Помидор жана цитрус өсүмдүктөрүн муздаткычка салууга болбойт. Алардын даамы жана жыты бузулат.

– Соя сүтүн аздан колдонуу керек. Ага шекер же жумуртка кошпой ичиңиз.

– Жүгөрүнү жумшак болушу үчүн тузсуз кайнатат.

– Помидорду ачкарын жегенге болбойт.

– Аквариумду тазалаганда суусун бөлмө гүлдөрүнө куйса, пайдалуу болот.

– Өттө таш пайда болбошу үчүн эртең менен тамактын алдында бир стакан суу ичүүнү адатка айлантыңыз.

– Уктаарга 3 саат калганда тамактануу туура.

– Эгерде тамактын тузу өтүп кетсе, ага бир аз картошка кошуп коюңуз, ал тузду тартып алат.

– Газдалган таттуу суусундуктарды аз ичиңиз. Себеби алар диабет жана гипертония ооруларын чакырат.

– Желим контейнерди жабык сактоодо жыт пайда болуп кетпеши үчүн чымчым туз салып коюңуз.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *