Премьер-министр Айыл чарба министрине Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү

 Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда комитет жыйынында айтты.

Эркинбек Чодуев 2014-жылдан тартып Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин орун басары болуп иштеп келүүдө.

Ал эми Бир бол фракциясы бул минимтрлик кызматка талапкерлигин көрсөтуп жаткан жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок.

Өкмөт башчы жаш өзгөчөлүгүнө гана карабастан иш тажрыйбасына да карай караш керектигин билдирди.  

Эске сала кетсек, «Бир Бол» фракциясы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *