Премьер-министр Бакыт Шаршембиевди кызматтан алууну сунуштады

   Мезгил

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди кызматынан бошотуу сунушун киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштама киргизди.

Белгилей кетсек буга чейин Өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду  кызматтан алуу сунушу киргизилген. Ал эми  анын орун басары  Мурат Мукамбетов ээлеген кызматынан  боштулган.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *