Премьер-министр: Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө 183,395 млн сом жумшалды

  Мезгил

Кошумча бөлүнгөн 340 млн сомдун  183,395 млн сому коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө жумшалды. Бул тууралуу премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине дээрлик 173 млн сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эсебине – дээрлик 3 млн сомдон ашык акча, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине – 769 миң сомго жакын, Транспорт жана жолдор министрлигине – 

94,5 миң сом берилди. Калган 116,6 млн сом жогоруда айтылган министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлөт. Саламаттык сактоо министрлиги үчүн атайын бөлүнгөн 40 млн сом максаттуу багыттарга колдонулууда», – деди Премьер-министр. 

Мухаммедкалый Абылгазиев дүйнөдө бул инфекциянын бул түрү үчүн каршы вирус иштелип чыга электигин эскертти. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *