Премьер-министрлик кызматты Артем Новиков аткарат

 Мезгил

Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров маалымат каражат өкүлдөрү үчүн маалымат жыйынын өткөрүүдө.

Анда журналистердин суроосуна жооп берип жатып, президенттик шайлоого аттанып жаткандыктан президенттин милдетин аткаруу кызматы спикерге өтөөрүн, ал эми премьер-министрлик кызматты убактылуу биринчи вице-премьер-министр аткараарын айтты.

“Президенттин милдетин аткаруучу кызматыбызды өтөрүп беребиз. Бул автоматтык түрдө спикерге өтөт. Премьер-министрлик боюнча ыйгарым укуктарыбызды шайлоо бүткөнгө чейин токтотуп турабыз. Бул милдетти биринчи вице-премьер-министр аткарат”- деди Жапаров.

 Белгилей кетсек, Артем Новиков 14-октябрда биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *