Президент: Абдыкадыр Орозбеков түрмөдө адам чыдагыс, адам көтөргүс кыйноолорго туш болгон

Мезгил

   Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-октябрда, Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  -Кыргыз элинин сан кылымдык тарыхында аты аңыз болуп айтылып, даңкы далай жерге жеткен, журт сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, сый–урматка арзыган улуу адамдар бар.

Касиеттүү Кадамжай жерибизден, журт башкарган, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө, эгемендүүлүгүнө салым кошкон тарыхый инсандар чыккан. Алардын катарында Нарбото бий, Полотхан, Молдо Нияз, Абсамат Масалиев сындуу улуу мекендештерибизди атайбыз.

Узун журттун учуна, кыска элдин кыйырына „Аксакал“, „Биринчи төрага“, деген наам менен аттын кашкасындай таанылган инсаныбыз — Абдыкадыр Орозбековду өзгөчө белгилесек болот. Ири мамлекеттик ишмер, тарыхта ысмы түбөлүк өчпөс болуп калган Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдык маараке салтанатын белгилөө — биз үчүн сыймык.

Орозбеков жетекчилик кылган 12 жылдын  ичинде өнөр жай өнүгүп, республикада көптөгөн завод-фабрика ишке кирген, миңдеген жумуш орундары түзүлгөн. Жок жерден жалаа жабылып, бүт өмүрүн элинин эркиндиги, жакшы жашоосу, эртеңки келечеги үчүн арнаган кыргыздын кыраан уулу —  Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы жалган жалаа менен камакка алынган.

Сегиз ай кыйноодон кийин, „эл душманы“ деп аталып, 1938-жылы атылып кеткен. Анын артында калган жубайы, эки уулу жана бир кызы адилетсиз куугунтукка кабылышкан.    Ал тургай аты-жөнүн өзгөртүп жер которуп, бекинип жашоого аргасыз болушкан. Абдыкадыр Орозбеков түрмөдө адам чыдагыс, адам көтөргүс кыйноолорго туш болгон. Бирок, ал өзүнүн көкүрөгүндөгү чындыгынан, өз акыйкатынан, адилеттүүлүгүнөн жана мекенчилдигинен тайган эмес-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *