Президент: “Ар бир кризистен кийин өнүгүү болот”

   Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде, Бишкек шаар мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 Өлкө башчы өкмөт эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзгөчө абал киргизилген аймактарга талаптарды жумшартуу, анын ичинде айрым ишкер субъектилердин ишине уруксат берүү сунуштарын даярдап жаткандыгын белгиледи.

«Ар бир кризистен кийин өнүгүү болот. Ал үчүн жаңы жаралган мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдалана билишибиз абзел, бул маселе боюнча ойлонууга мезгил келди. Өкмөт бул багытта ишин баштады, азыркы чакырыктарга жооп бергидей, иш жүзүндө аткарыла турган документти иштеп чыгат деп ишенем», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *