Президент: “Асмандагы айды алып берем“ деп, элди куру убада менен алдабагыла!

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда,  Жогорку Кеңештин  жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүүсүндө  катышты. Анда сөз сүйлөп жатып шайлоого аттанган депутаттарды элди  “асмандагы айды алып берем“ куру убада менен алдабоого чакырды. 

-Урматтуу депутаттар!

Урматтуу саясий партиялардын өкүлдөрү! Шайлоонун таза өтүшү менден жана Өкмөттөн гана көз каранды эмес.

Ушул залда олтурган депутаттардын көпчүлүгү кайрадан шайлоого аттанат деп ойлойм. Мен сиздерди да, калган бардык партияларды да, шайлоону таза өткөрүүгө чакырам. Өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти унутпоону өтүнөм.

Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо технологияларын пайдаланбай, “асмандагы айды алып берем“ деп, элди куру убада менен алдабай, реалдуу программанын негизинде шайлоо өткөрүү — ар бир партиядан, ар бир талапкерден көз каранды. Албетте, шайлоонун алдында ар кандай убадаларды берүү — табигый көрүнүш. Бирок, ар бир партия, ар бир талапкер өз убадасы үчүн эртеби-кечпи жооп бергенди үйрөнүү керек-деди өлкө башчы. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *