Президент: Азыр өлкөбүз “өзүмдөн да — мекеним ыйык” деген позициядагы адамдарга  муктаж

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков «Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери», — деп бүгүн, 6-ноябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

    -Турдакун Усубалиев — республикалык гана эмес, жалпы союздук масштабдагы мамлекеттик, партиялык ишмер болгон.

Ал 1943-жылы партиялык мектепке жөнөтүлүп, эки жыл окугандан кийин, 1955-жылга чейин — он жыл бою КПСС Борбордук Комитетинин аппаратында иштеген. Москвада 12 жыл жашап, Советтер Союзунун дээрлик бардык жеринде болгон. Башка республикалардын турмушун, экономикасын, маданиятын жакындан билген.

Ушул мезгилде терең билимге, кеңири көз карашка ээ болгон, саясий такшалуудан өткөн. Бул тажрыйбасы — кийин Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чоң роль ойногон фактор болгон.

Ал республиканы башкарган мезгилдерде беш жолу СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. КПСС Борбордук Комитетинин съезд, пленумдарында чоң маселелерди көтөрүп, өзүн жалпы Союздун келечегине күйгөн партиялык жетекчи катары көрсөткөн. 

Албетте, Турдакун Усубалиевич — партияга берилген ишмер болду, ага чын дилинен, ак кызматын өтөдү. Бирок, түпкүлүгүн айтканда — кылган эмгеги, башынан аягына чейин, жалпы элге, өлкөнүн кызыкчылыгына арналды. Партиядан аны адилетсиз чыгарып коюшканда, ага жалпы элдин колдоосу дем-күч берди, адилеттик кайра келээрине болгон ишеними аны чыйралтты.

Азыр да өлкөбүз “өзүмдөн да — мекеним ыйык” деген позициядагы адамдарга  муктаж. Баарыбызды бириктирген „Кыргызстаным“ деген улуу сезим, мамлекетчилдик рух керек-деди президент. 

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *