Президент: Бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынына катышты. Мамлекет башчысынын катышуусу менен КР Өкмөтүнүн жаңы дайындалган мүчөлөрү ант берди.

Президент өлкөдөгү абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылып, сөз сүйлөдү.

 -Чыңгыз Айтматов айткандай, „бүгүн баарыбыз тең бир кайыктабыз“.

Азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбайт. Муктаж болгондорго жардам берүү учурдагы эң көйгөйлүү милдет катары аныкталган. Мамлекет тарабынан жасалчу социалдык коргоонун баардык механизмдерин колдонобуз. Аярлуу катмардагы жарандарды күнүмдүк тамак-аш менен камсыз кылуу маселесин чечебиз. Пенсиялар, жөлөкпулдар, айлык акылар сакталат, өз убагында берилет.

Өкмөт бул багыттагы иш-чаралар үчүн зарыл болгон резевдердин баарын колдонууга мүмкүнчүлүгү бар.

Баарыңарга белгилүү, бизде башка өлкөлөрдөгүдөй резервде „коопсуздук жаздыгы“  болгон эмес. Ошондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен активдүү иштеп,  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз-деди президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *