Президент Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-майда өлкөнүн Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, мамлекеттик органдарда жана укук коргоо тутумдарында мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 2018-жылы жана 2019-жылдын 1-кварталындагы прокуратура органдарынын күндөлүк ишмердиги жөнүндө маселелер талкууланды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов   Коопсуздук кеңешинин   8-февралдагы  жана 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот реформасы боюнча Кеңештин 2018-жылдын 17-майындагы жана 27-декабрындагы чечимдерин жана  “Сот реформасын жүргүзүүнүн алкагында көрүлүп жаткан айрым чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары да мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнүн, ошондой эле жаңы жазык-укуктук мыйзамдарда көрсөтүлгөн чараларды толук көлөмдө ишке ашыруунун маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *