Президент: Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек

    Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-августта, вице-премьер-министр  Акрам Мадумаров менен онлайн кеңешме өткөрдү.

Анда коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров бул багыттар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Мамлекеттик чек ара тилкелеринде ар кандай талаш-тартыштарга жол бербөө максатында жергиликтүү бийлик органдары укук коргоо органдары менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жакынкы мезгилге өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр мерчемделген.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын ишин активдештирүүнүн маанисине токтолду.

 «Баткен облусуна өзгөчө көңүл буруу керек. Калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация объектилерин реабилитациялоо жана салуу, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, медициналык мекемелерди, логистикалык борборлорду куруу  боюнча маанилүү социалдык-экономикалык программаларды ишке ашыруу үзгүлтүккө учурабашы керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *