Президент:  Биргелешкен аракеттер жаңы тобокелчиликтер менен коркунучтарга каршы тура алабыз

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-майда  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынына катышуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Дүйнөдө жана региондо кырдаал бардык деңгээлдерде тыгызыраак кызматташууну талап кылууда. Сиздердин эл аралык жана аскерий-саясий өз ара аракеттешүүнүн абалын жана болочогун туруктуу түрдө талкуулап жатканыңар кубандырат. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүү принциби биздин өлкөлөрдүн мыйзамдарын жакындаштырууну талап кылат. Сиздер Уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкештөө маселелери боюнча чоң иштерди жасап жатасыздар. Жамааттык коопсуздук системасын мындан ары өркүндөтүү жана аны укуктук жактан камсыздоо боюнча чаралар көрүлүүдө.  Парламенттик Ассамблеянын ЖККУга мүчө мамлекеттердин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарынын чоң мааниси бар. ЖККУга мүчө мамлекеттердин моделдик мыйзамдарынын долбоолору мына ушул сиздердин аракетиңиздердин иш жүзүндөгү натыйжасы болуп саналат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 Иш-чаранын соңунда өлкө башчы  ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин көчмө жыйынынын күн тартибинде олуттуу маселелер көп экенин белгиледи. Бүгүн кабыл алынуучу чечимдер жалпы коопсуздукту бекемдөөгө жана азыркы кездеги чакырыктар менен коркунучтарга каршы турууга өбөлгө болот.

 Биргелешкен аракеттер менен биз жамааттык коопсуздукту камсыз кылып, жаңы тобокелчиликтер менен коркунучтарга каршы тура алабыз. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны мурдагыдай эле конструктивдүү духта жана пайдалуу натыйжалар менен өтөөрүнө ишенем. Сиздерге активдүү дискуссияларды жана жемиштүү иштөөнү каалайм”— деп Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүн жыйынтыктады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *