Президент болом деген Шакиден жакшы “клоун” чыкчудай экен

     Мезгил

    Кыргыз Республикасында жашап жаткан ар бир жарандын президент жана депутат болууга укугу бар. Албетте буга мыйзам жол берсе гана. Ал тургай президент болом деп кыялдангандардын кыялына да тыюу сала албайбыз. Кыргызстан жөнүндө орус басылмалары “Укмуштуудай кооз өлкө. Бул өлкөдө ар бир экинчи адам өзүн даяр президент катары санайт” деп жазгандарын окуп калган жайым бар. Кыргыз коомчулугунда саясий жактан активдүү болуп, саясат менен ооругандар көп. Ал тургай 6 миллион калкы бар, алакандай Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин 100дөн ашуун киши көрсөткөн учурлар болгон. Талапкерлердин арасында жумушсуз бекерчилер, куудулдар, ырчылар, үй кожейкелери, кыргыз тилинде жазылган “замбиректер атылып жатты” деген сүйлөмдү “замирлер атылып жатты” деп эжелеп окуган талапкерлер да болгон. Иши кылса бул жагынан дымагыбыз күч.

“Аю” компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов “Кыргызстан” саясий партиясынын VI съездинде сүйлөп жатып өзүнүн куудулдук өнөрү бар экендигин көрсөтө алды. “Президент болуп калсам” деди. Анын артында турган мурдагы КТРчи, Акыйкатчы Кубат Оторбаев “рахмат” деп жетекчисинин сөзүн бөлүп турганына карабай куудулданганын уланта берди.

Шаршенбек Абдыкеримов мыкты бизнесмен болушу мүмкүн, мыкты куудул да экен. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат демекчи андан башка өнөрлөрү болсо деле жаман эмес. Биздин айтайын дегенибиз парламентте олтурган килейген бир партиянын көмүскө лидери болуп туруп, анын официалдуу жыйыны болгон съездинде куудулданып, көчө жыйынында, же бир шеринеде олтургандай сүйлөп жаткандыгы тууралуу. Официалдуу жыйын деген официалдуу болушу керек. Эгерде Шаки сыяктуу бирин-эки “куудул” парламентке, же өкмөткө барып калса, же Зеленскийдей болуп башына бак конуп президент болуп калчу болсо анда кантебиз? Кыргызстан чоң куудулдардын сахнасына айланып калабы? Эл аралык мамилелер кандай болот? Ансыз да гитарада үн кошкон артисттик өнөрү бар, акын болуп ыр жазган, эл аралык сүйлөшүүлөрдү жоро-бозого айлантам деп элибизге зыян алып келген экс-президентибиз УКМКда эс алып жатат го.

Союз убагында Таштанбек Акматов депутаттарга төрага болуп калат. Демократ Казат Акматов трибунага чыгып алып эч кимге сөз бербей сүйлөй берет. Ошондо Таштанбек Акматов “этиканы сактаңыз” деп айтам деп “Этикетканы сактаңыз, Казат Акматов, этикетканы сактаңыз” деп жаңылыш сүйлөп алганын аңыз кеп кылып жүрүшөт. Ошондуктан Шаки да “этикетканы” сактаганды үйрөнүп алсабы деген пикирибиз бар.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *