Президент: Биз, Айкөл Манастын урпактары, мындай сыноолордун көбүн жеңген элбиз

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана райондорунда өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Кайрылуу төмөндөгүдөй жазылган.

 «Урматтуу мекендештерим!

Бүгүн, 25-марттан баштап өлкөбүздүн айрым шаар, аймактарында өзгөчө абал режими күчүнө кирди. Ушуга байланыштуу сиздерге кайрылып жатам.

 Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо — ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик.

“Бул илдет мага келбейт, сактанбай деле койсом болот” деген кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок. Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл.

 Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор, издетпей, телефон аркылуу өзүңөр кабар бергиле. Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар. 

Кырдаал катуу көзөмөлдө турат.

Биз, Айкөл Манастын урпактары, кылымдарды карыткан карт тарыхыбызда мындай сыноолордун көбүн жеңген элбиз. Буйруса, Кудайдын колдоосу менен, элибиздин биримдиги, бекем тартиби менен бул сыноону да жеңебиз-дейт президент. 

Мезгил ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *