Президент: Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында

«Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз  чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат» -деди. 

«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары — ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *