Президент: Бюрократия менен коррупцияны жоюу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-февралда, Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында “Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек -деди.

Мамлекет башчысы мисал катары 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды өткөрүү керек экендигин айтты.

«12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Жыйынтыгында долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары Президент ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга ылдыйлап кеткенин айтып, төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеткендигин кошумчалады.

«Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек. Мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарыл», — деп баса белгиледи өлкө башчы. 

 Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *