Президент: Чек арачы болуу — өтө татаал, бирок, өзгөчө сыймыктуу миссия

    Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков   бүгүн, 28-майда, КР Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта «Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок»-деди.  Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Урматтуу чек арачылар! Мекенибиз Сиздер коргоп турган чек арадан башталат.

Чек арачы болуу, Ата мекендин сырткы чегин коргоо — өтө татаал, бирок, өзгөчө сыймыктуу миссия.

Өз мекенине берилгендикти, кыраакылыкты жана эрдикти талап кылат.

Чек арадагы кызматтын басымдуу бөлүгү, географиялык оор шартта, ар кандай сырткы күчтөрдүн деструктивдүү аракеттери такай кайталанып турган заставаларда өтөт.

Мекен чегин жан аябай коргоого даяр болгон инсан гана чек арачы боло алат.

Ушул салтанаттуу датаны белгилеп жатып, чек арачылардын даӊазалуу тарыхын катардагы офицерлер жана жоокерлер жаратып жатканын белгилейбиз” деди өлкө башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *