Президент Чолпонбек Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына катышты

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 7-майда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбек Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына катышты. 

«Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана Согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз», — деди өлкө башчы.   

Мамлекет башчысы Жеңиш күнү өтө көп жоготуулар менен жетишилген улуу майрам экенин белгиледи. Бүтүндөй Советтер Союзунан Согуш маалында 27 миллионго жакын адам курман болгон.

 Чолпонбай Тулөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.

Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү аты коюлган паркта ачылды. 11 гектарды ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп- түзөлгөн.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *