Президент: Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда, Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Анда коопсуздук кеңешинин облустардагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча чечимдерин ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

лк башчы айыл жерлеринде илдет жугузуп алгандарды аныктоо жана изоляция режимин сактоого байкоо жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине токтолду.

Ошондой эле аптекаларда дары-дармектердин запасына көңүл бурду. Мамлекет башчысы дары-дармектерге толук аудит жүргүзүүгө, зарыл болгон дары-дармектерди алдын ала камдап коюуга, жетишпегендери тууралуу маалымат берүүгө чакырды.

«Эл алдастап калганда, аларды дүрбөлөңдөн сактап калуу кыйынга туруп калат», — деп баса белгилеген Президент, мындай учурларда элдин башын айландырган маалыматтар таркай баштаарын да кошумчалады.

Мамлекет башчысы алдын алуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *