Президент футболдук талаа, хоккей үчүн стадион жана жаңы спорт сарайы салынаарын айтты

Мезгил

Бүгүн 30-августта эгемендик күнүн утурлай,  Түштүк магистралдагы жаңы эс алуу багы расмий ачылды. Салтанаттуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

 Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып,  Бишкекте ири спорт объекттерди куруу пландалып жатканын айтты.   

 Мамлекет башчынын  айтымында, Бишкектин түштүк бөлүгүндө 30 гектар жерде футболдук талаа, хоккей үчүн стадион жана жаңы спорт сарайы салынат. Аны менен бирге жаңы имарат, бизнес-борбор жана мейманканалар курулат.

 Ошондой эле  президент  келечекте, жаңы ачылган сейил бак өңдүү эс алуучу жерлер Бишкектин ар бир районунда салынышы керектигин айтты.

Белгилей  кетсек,   сквер магистралдын Манас проспекти менен кесилишинде жайгашып, жалпы аянты  10 гектарды түзөт.

Анда жаныбарлардын, жомоктордун каармандарынын сөлөкөттөрү орнотулган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *