Президент: ГЭСтерди оңдоого жана курууга 4,5 млрд доллар талап кылынат

Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда ГЭСтерди оңдоого жана курууга 4,5 млрд доллар талап кылына тургандыгын айтты. 

-Энергетика тармагындагы негизги максатыбыз — биздин гидроэнергетикалык ири потенциалыбызды колдонуу менен өлкөнүн электр энергияга болгон ички муктаждыктарын жабуу жана башка өлкөлөргө экспорттоо.

CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат.

Бизге иштеп жаткан гидроэнергетикалык объекттерди масштабдуу реконструкциялоо жана жаңыларын куруу милдети турат. 

Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет.

Бул иштерди аткаруу үчүн 4,5 млрд доллар талап кылынат. Бул долбоорлорду ишке ашырууда энергетика тармагында объектилерди куруу жана жаңы технологияларды тартуу боюнча тажрыйбасы бар эл аралык финансы институттарынын ролу биз үчүн абдан маанилүү.

Андан тышкары эл аралык институттарды бизге чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырам. Жашыл энергетиканы өнүктүрүү — биз үчүн жаңы, бирок абдан зарыл багыт. Ошондуктан өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна муктажбыз-деди мамлекет башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *