Президент иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков жакынкы күндөрү иш сапары менен Казакстан, Индия жана Сауд Арабиясына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.  

Маалым болгондой, 28-29-майда, Казакстандын Нур-Султан шаарында мамлекет башчысы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин мааракесине катышат. 30-майда, Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен Индияга иш сапары менен барат. Анын жүрүшүндө индиялык лидердин инаугурация аземине катышат жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

 Ошондой эле, 31-майда, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү, Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабияга учат жана Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *