Президент иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 16-майда,  эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш сапардын алкагында, 16-майда, Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы дыйкан чарбасына, Түп райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, Түп айылында курулуп жаткан спорткомплексине барып, Түп районунун жашоочулары менен жолугушат.

17-майда Мамлекет башчысы Балыкчы шаарындагы орто мектептерге барат, шаардын тургундары менен жолугушат, “Акылдуу шаар” жана Балыкчы шаардык мэриянын башка инновациялык долбоорлору менен таанышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *