Президент ишкерлерге социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирди

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү посткризистик мезгилде  калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы катуу чектөөлөргө карабастан, ишкерлер абалды түшүнүү менен кабыл алып, биринчи зарылдыктагы товарларды жана азык-түлүктөрдү жеткирип турушканын баса белгиледи.

«Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен камсыздоодо жардамыңарды аяган жоксуңар. Медиктерди жана башка тартылган кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоодо чоң жардам көрсөттүңүздөр. Социалдык жоопкерчилик алуу жана элибизге камкордук көрсөтүү менен — сиздер мамлекетибиздин эпидемияга каршы күрөшүнө өтө чоң салым коштуңуздар. Бул үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *