1135 эне «Баатыр эне» ордени, 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат

  Мезгил

  Президент Сооронбай Жээнбеков «Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне“ ордени менен сыйлоо жөнүндө» жана «Республиканын көп балалуу энелерин „Эне даңкы“ медалы менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, жарлыктардын негизинде КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1135 эне «Баатыр эне» ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 470 эне — «Эне даңкы» медалы менен сыйланат.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *