Президент каарын төктү. Былтыйып отурасыңар! Бул эмне деген акмакчылык!

 Мезгил

Бүгүн, 24-январда Прездиент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында  Жогорку Соттун төрайымы менен Башкы прокурорду  катуу сынга алды.

 Мамлекет башчы  Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун бошотулушу боюнча айтты.  

“Коррупцияга шектелип жаткан Алмаматов боюнча соттун биринчи инстанциясында 12 жарым жылга эркинен ажыратылган. Экинчи инстанцияда ал бошотулду. Бул резонанстуу иш болчу. Коомдун бардыгы бул тууралуу айтып жатат. Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер былтыйып  отурасынар баарыңар!  Мен маалымат каражаттарынан көрүп отурам.  Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар”, – деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өтүүдө.  

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *