Президент: Калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 23-майда, “Аймактар үчүн Таза Суу” Форумуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

“Биздин өлкөбүздүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири”-деди өлкө башчы.

  Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо – приоритетүү багыт катары  аныкталды.

Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.

Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны – кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *