Президент өкмөт башчыга: Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн 13-июлда,  премьер-министр  Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу  боюнча чаралар талкууланды.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары шаарлардын, облустардын жана райондордун аймагына жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Бүгүнкү күндө негизги эки көйгөй катары премьер-министр дары-дармектер боюнча кырдаалды жана медициналык адистердин жетишсиздигин атады. 

Президент Сооронбай Жээнбеков айрым дары-дармектердин кымбатташы жана таңкыстыгы жарандардын негиздүү нааразычылыктарын жаратып жатканын белгиледи. 

«Биз дары-дармектин запасы менен камсыздашыбыз керек. Бул багытта фармацевтикалык компаниялар менен тыгыз иштөө кажет, калк тиешелүү дары-дармектер менен камсыздалышы керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *