Президент коронавируска байланыштуу кеңешме өткөрдү

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-январда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев менен, Мамлекет башчысынын Аппарат жетекчилигинин, айрым Өкмөт мүчөлөрүнүн, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Кытайдагы жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, тышкы иштер министрини биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жана Өкмөткө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциянын директору Калысбек Жумаканов көрүлүп жаткан чаралар тууралуу комплекстүү маалымат беришти.

Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө жана республиканын аймагына жаңы коронавирустун кирүүсүн алдын алуу боюнча ыкчам штаб иштеп, зарыл чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Ага тиешелүү органдардын өкүлдөрү кирген.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *