Президент: Криминалитетти ооздуктоо, силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып “Криминалитетти ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукту жоюу — силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек” деди.

-Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары! Урматтуу ардагерлер!

Сиздерди Кыргыз милициясынын 95 жылдык юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында — облустук милициянын башкармалыгы түзүлгөн.

Ушул күндөн тартып Кыргыз милициясы үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өттү. Сиздердин уюшкан кылмыштуу топторго каршы иш жүргүзүп жатканыңарга карабай, бул коркунуч азайбай жатат.

Ошондуктан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү системалуу жана туруктуу жүргүзгүлө. Криминалитетти ооздуктоо, уюшкан кылмыштуулукту жоюу — силердин ишиңердин эң артыкчылыктуу багыты болушу керек.

Наркотрафикке каршы күрөш боюнча биздин өз жарандарыбыздын гана эмес, коопсуздук боюнча чогуу аракеттенген өнөктөш өлкөлөрүбүздүн алдында да милдеттерибиз бар. Реформанын алкагында тиешелүү кызмат Министрликтин курамына кирген. Бул өзгөрүүлөргө карата коомдун ишеними жана талабы жогору болгон.

Ошондуктан наркотрафикке каршы күрөштү отчет үчүн эмес, реалдуу натыйжага жетиш максатында күчөткүлө. Бул багыттагы иштерди кескин жакшыртуу — ички иштер органдарынын жетекчилеринин милдети-деди президент.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *